№ 14 «АЛТЫН БАЛАЛЫК» балдар бакчасы

Нарын шаарындагы М.Сыдыков чөлкөмүндө  жайгашкан  №14 «Алтын  Балалык» балдар  бакчасы  1985-жылы декабрь  айынан  тартып  иштеп  келе  жатат. Типтүү  балдар  бакчасы.Алты  пайпага  ылайыкталып  салынган. 140 орундуу . Алтын  балалык  балдар  бакчасы  түптөлүп  ишке  берилгенден  баштап  Сагын  Кожобекова   турган  жамаат  күн  түн  дебей  ички  сырткы  жасалгасын  жасалгалап, айланасына  бак-дарактар  тигилип  көрктөндүрүлгөн . Балдарга  мыкты  таалим – тарбия  берүүдө   эң  тажрыйбалуу,  күчтүү  идеяга  бай  жетекчи  иштеген. Азыркы  учурда ардактуу эс  алууда жүргөн   Сагын  Кожобекова . 

Сагын  Кожобекова  эженин эмгеги  менен  жалпы  коллективдин  ишинин үзүрүн,  эмгегин   ошол  кезде  чоогу  иштеген  кесиптештери  дайыма  эскерип  , жаштарга  үлгү  кылып  айтып  келишет   Ошол  жылдары  талыкпай  иштеген  иштердин  натыйжасында  балдар  бакчасынын  тарыхында  биринчи  болуп   №14 « Алтын  Балалык »   балдар  бакчасы  «жигули»  автомашинасы  менен  сыйланган.

1995-  жылдан  тартып   Шакен  Алымбаева   үзүрлүү   эмгектенип   2007 –жылы  ардактуу  эс  алууга   кеткен. Андан  кийин  Америкалык  Джорж  Сорос  түзгөн  фонддун иликтөөлөрүнүн  натыйжасында   «Сорос»  фондунун  «Кадам  артынан  кадам»  программасыны  пилоттук  балдар  бакчасы    Нарын шаарынан   биринчилерден  болуп кирген .  Фонддон   толук  төрт тайпага  тиешелүү  катуу   инвентарлар  менен  жана  ар  кандай  иллюстративный китептер, телевизор , кийим  тигүүчү  машинкалар  менен  камсыз  кылган

2007  –   жылдын   сентябрь   айынан   тартып    Байбосова Нургуль Кадыравна  директорлук   кызматты   аткарып   келе   жатат.   Азыркы   учурда                                  6 —  тайпа  жана 3- саатык  кыска  мөөнөтөгү  окутуу   иштейт.         

Жалпы педагогдордун саны -15 ; 12-тарбиячы ;  анын  ичинен  жогорку  билимдүүсү  — 11 ; атайын  орто  билимдүүсү — 4. 1-орус  тилчи Мураталиева Асыл  билими  жогорку , 1 — музыка   мугалими Ырыскүл уулу  Аскар  билими   жогорку 2007-жылдан  тартып  Байбосова  Нургуль  Кадыровна   директорлук  кызматын  аркалап  келет.Бакчанын  үстү (мягкая  кровля)болчу Нарындын  климатына  ылайыгы  келбегендиктен,  2009-жылы түрткү  берүүчү  гранттын  негизинде, кайра  темир  менен жабылган. Мындан  сырткары көптөгөн  фонддордон инвестициялар  тартылган мисалга алсак   «МерсиКо» уюмунан,  «Ага Хан»  фондусунан  жана башкалардан.

    Балдар  бакчасы  ачылгандан  бери  иштеп  келе  жаткан  кызматкерлер  Кыргыз   Республикасынын  Билим  жана     илим           министирлигинин  «Эң мыктысы»  жана   «Ардак  громаталар»  менен сыйландардар, ардагер  насаатчы  тарбиячылар  Конокбаева  Гүлай, Арыналиева  Чынар, Сарымсакова  Чынаркүл. Кызматкерлер Мүсүралиева  Марипа, Оторбаева Нурзаада,  ошондой  эле  кийинки  ортоңку  муундар Кайкиева  Майрамкүл, Мамбетказиева  Лира, Кыргызбаева  Бурул,  Муханмедий  кызы Ырысгүл, Кадырова  Нургүл,  мугалими  Мураталиева  Асыл, Түркмөнова  Тынчтыккүл, жаш  тарбиячы  Мураталиева Аида, Садырова  Жылдыз, Асанова  Нургүл  жардамчы  тарбиячылар Самсалиева Айнур, Чылакунова Майрам , Султанкеримова  Азимкүл, Борбиева Наргиза, Карыпбекова Жийдегүл, Оболбекова Мадина  жана Өмүрова Күмүшай. Жалпы  коллектив коомдук  иштерге  да  активдүү катыша  алышат. Тарбиячылар  билимин жогорулатуу  курстарына  барып  билимдерин жогорулатып  турат.

Бакчанын  үстү (мягкая  кровля)болчу Нарындын  климатына  ылайыгы  келбегендиктен,  2009-жылы түрткү  берүүчү  гранттын  негизинде, кайра  темир  менен жабылган. Мындан  сырткары көптөгөн  фонддордон инвестициялар  тартылган мисалга алсак Облустук  жана  шаардык  масштабдарда ар  кандай  семинарлар өткөрүлөт,  ар  кандай  майрамдарда  жана дааталуу  күндөрдө утренниктер  жылдык  планда  көрсөтүлүп  жана өтүлүп  турат .  Тарбиячылар  бакча ичинде  ачык  сабактарды  көрсөтүшөт. 

МерсиКО  уюмуна  кирип   “Балдар  бакчасындагы   балдар  кандай  тамактануу  керек ”  деген  долбоорго эмчи  айым  Муханмедий  кызы Ырысгүл   катышып  Нарын облусу  боюнча семинар –тренингдерди   балдар  бакчаларына  жана  мектептерге  барып , өтүп  жайылтып  келди

Алдыга  койгон  максат жаш өспүрүмдөргө  татыктуу  тарбия  берүү,  келечекте  татыктуу  билим  алып, алдынкы  инсан  болуп  калыптануусуна  алгачкы салымыбызды   кошуп  иш тажрыйбаларын жайылтып  келебиз.

Бир толук участокту кайра  жаңыча куруп быйылкы  2017-жылдын  сентябрь айына  бүтүрдүк.  Жылыга  эскилиги  жеткен  суу  түтүктөрүн алмаштырып  жазап  келе  жатабыз. Азыркы   учурда   Нарын  шаарында  балдар  бакчасы аз  болгондугуна  байланыштуу  тайпаларда  балдардын саны 40-45 тен  келүүдө.

Ушундай  алгылыктуу  иштердин  натыйжасында  2014 –жылдын  жыйынтыгы  менен   кароо  сынакка  катышып  « Мыкты  бала  бакча  »  номинациясын  женип  100 000  миң  сом   серитификат  жана  диплом  менен  сыйландык . Азыркы  мезгилде  6-тайпа  жана кыска  мөөнөтүү  окутуу  боюнча  2  тайпа  орус  жана кыргыз  тилинде  иштеп  келет Жалпы  балдардын  саны  290  бала  тарбияланууда.

 

Комментарии запрещены.