№16 «Ыйман» балдар бакчасы

  • Бала-бакча жөнүндө
  • Эмгек жамааты
  • Жаңылыктар
  • Электрондук кезекке туруу
  • Ата-энелер кеңеши
  • Фотогалерея
  • Байланыш

Нарын шаарындагы №16 «Ыйман» балдар бакчасынын  маалыматы.

Нарын шаардык №16 «Ыйман» балдар бакчасы Нарын шаарындагы Ленин көчөсү №244 а дареги боюнча 2002-жылдын май айынан бери иштеп келе жатат. Алгач бала бакча  1989-жылы уюшулуп, ар башка имараттарда 4 тайпа менен 1995-жылга чейин Г.Күрөңбаеванын жетекчилиги астында иш алып барган . 2002-жылы Ак-Коргон аймагында Ленин көчөсү №244 а дарегинде жайгашкан 2 кабаттуу эски имарат атайын бала бакча үчүн колдонууга берилген. Имарат 2008-жылы  MSDSP KG эл аралык фонду тарабынан  жана жергиликтүү бюджеттен каржыланып, ОсОО «Строй Софт»жана АООТ «Нарын жол курулуш»компаниялары  тарабынан жалпы наркы 814949 сомго  капиталдык ремонттон өткөн. Бала бакчада 1995-жылдан 2010-жылга чейин Н. Асипбаева жетекчилик кылган.Аталган жылдарда бала бакчанын администрациясы төмөндөгүдөй долбоорлор менен иш алып барган.2007-жылы  «Спасите детей»долбоорунун алкагында 27995 миң сомго бала бакча керектүү окуу-материалдары менен камсыз болгон.2008-жылы католикалык фонддон «Образование для всех» долбоорунун жардамы менен 250 миң сом тартылган.   2007-2010-жылдары Н.А.Зайцевдин  методикасын колдонуп окуу иштери жүргүзүлгөн.  2010-жылдан 2011-жылдын сентябрь айына чейин бала бакчаны М.Жакыпов жетектеген. 2011-жылдын сентябрь айында бала бакчанын жетекчилигине ротациялык жол менен  К.Токтосейитова дайындалган. 2012-жылы  кезекте турган балдардын көптүгүнүн жана  ата-энелердин суроо талаптарынын негизинде Ү.Асанов атындагы  мектеп лицей интернатынын жатаканасынын имаратында  кошумча 2 тайпа , 2013-жылы дагы 1 тайпа, 2017-жылы 2 тайпа ачылган. 2013-жылдан 2017-жылга чейин аталган тайпалардын материалдык техникалык – базасын чыңдоо үчүн   ата-энелер тарабынан 495 500 сом, бала бакчанын эмгек жамааты 181 миң сом, «Замандаш» жана «Республика» саясий партияларынан 87 миң сомго жардамдар көрсөтүлгөн.2015-жылы бала бакчанын эмгек жамаатынын өз күч аракеттери менен кошумча жашылча- жемиш сактоочу кампа салынган. 2017-жылы бала бакчанын администрациясы тарабынан түрткү берүүчү грантка долбоор өткөрүлүп жалпысы 1082 миң сомго эски эшик терезелер алмашылып , айланасы жаңы темир тосмолор менен тосулган. 2013-жылы облустук мыкты бала бакча кароо сынагына катышып, активдүү катышуучу сыйлыгына ээ болгон.

Ал эми шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан өткөрүлгөн жылдын мыкты тарбиячысы кароо сынагына 2013-жылы тарбиячы Ч.Калдарбекова , 2016-жылы  тарбиячы А.Чодураева катышып 1-орунду камсыз кылышкан.

2015-жылдан бүгүнкү күнгө чейин өнүктүрүүчү чөйрөлөр аркылуу борборлорго бөлүп окутуу боюнча жана кенже курактагы балдарды көркөм эстетикалык жактан тарбиялоо , кеп маданиятын өнүктүрүү , туура сүйлөөгө үйрөтүү максатында куурчак театрлар аркылуу окутуп тарбиялоо иштери жүргүзүлөт. Бала бакча өзүнүн иш аракетин устав жана нормативдик документтердин негизинде ишке ашырат.Бала бакчада балдар базистик программанын негизинде окутуп тарбияланышат. Иш күнү 5 күндүк 10 сааттык. Бала бакчада жалпы 41 жумушчу- кызматкерлер эмгектенет.Бүгүнкү күндө бала бакчада 9 тайпада 289  бала таалим тарбия алып жатышат. Анын ичинен 14 тарбиячы, 2 музыкант, 1 орус тили мугалими, 24 кенже тейлөө кызматчылары эмгектенишет.  2011-жылдын сентябрь айынан бүгүнкү күнгө чейин  бала бакчаны  К.Токтосейитова жетектеп келүүдө.

Комментарии запрещены.