№4 «Наристе-Нур» бала бакчасы

Нарын шаарындагы №4 «Наристе-Нур» бала бакчасы  Нарын шаарынын жергиликтүү  калкынын муктаждыгын эске алуу менен бирге  жана Кыргыз Республикасынын « Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү» мыйзамына , Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2- ноябрындагы №765 токтому менен бекитилген «Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндө» типтүү жобого ылайык Нарын шаардык мэриясынын 2016-жылдын 16-январындагы  Нарын шаарындагы №4 «Наристе-Нур» балдар бакчасын уюштуруу жөнүндөгү №09 буйругунун  жана Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2016-жылдын 16-январындагы  Нарын шаарындагы №4 «Наристе-Нур» балдар бакчасын уюштуруу жөнүндөгү № 05 буйругунун негизинде түзүлгөн.

Бала бакчанын имараты 1965-1966-жылдары   бир кабаттуу, 3 тайпага ылайыкталып  салынган.

2017- жылдын балдарын бала бакчага берүүнү каалаган ата-энелердин суроо талабы көп болуп жаткандыктан Тынымсейитов көчөсүндө жайгашкан жеке менчик үйдү ижарага алып, бала бакчага филиал болуп ачылды жана филиалга 70 бала кабыл алынган. Филиалды ачуу үчүн жергиликтүү казынадан 112000 сом каралса, ата –энелер менен жеке жактардын демөөрчүлүгү менен  болжол менен 500000 содук жуммшак жана катуу инвентарлар бала бакчанын балансына кириштелген.

Балдардын саны — 134  

Кызматкерлердин жалпы саны—  32

Бала бакчанын ачылыш аземи

Бала бакчанын жетишкен ийгиликтери

2017- жылдын жыйынтыгы менен Нарын шаарынын  « Мыкты бала бакча жетекчиси»  номинациясы

2020-жылы Нарын шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан  Ыраазычылык кат

Бала-бакча администрациясы

Директор

Нуралиева Мээрим Молдалиевна

Билими: Жогорку 2008-2010 НМУ

стаж: 16

Сыйлыктар: 2018 — эмгекчил жана жемиштүү педагогикалык иш үчүн НМУнун Ардак грамотасы

2015-Нарын облустук билим берүү башкармалыгынын Ардак грамотасы

2016 — НМУ Профсоюзунун Ардак грамотасы

2019 — Нарын райондук администрациясынын Ардак грамотасы

тел.: 0708533578   0778533578

email: mnuralieva9@gmail.com

Байланыш

Юридикалык дарек

Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын шаары, Шералиев көчөсү №275-а

тел.: (03522) 54096

email:

Комментарии запрещены.