№4 Э.Ибраев атындагы орто мектеби

  • Мектеп жөнүндө
  • Мектеп администрациясы
  • Мугалимдер коллективи
  • Мектеп парламенти
  • Мектеп жаңылыктары
  • Фотогалерея
  • Мектеп мыктылары
  • Байланыш

Нарын шаарындагы №4 (мурунку В.И.Ленин атындагы)  Э.Ибраев атындагы орто мектеби 1971-жылы пайдаланууга берилип, окуучуларды кыргыз жана орус тилдеринде окута баштаган. Ал мезгилдеги борбордук чөлкөмдөгү бирден-бир типтүү мектеп болгондуктан окуучулардын саны да көп болгон. Маалыматтарга таянсак ал мезгилде окуучулардын саны 1500дөн ашык, жыл сайын төрт-беш бүтүрүүчү класс аяктап, мектеп уясынан 120 дан ашык окуучулар аяктап турушкан.

            Мектеп өзүнүн 46 жылдык тарыхында 120 бүтүрүүчү класс аяктаган, жалпысынан 3035 бүтүрүүчү жалпы орто билим жөнүндөгү документке ээ болушкан. Алардын 25тен ашыгы алтын медалдын ээлери болгон. Бүгүнкү күндө мектептин бүтүрүүчүлөрү эл чарбасынын бардык тармактарында эмгектенишет. Өз мезгилдеринде мамлекеттик кызматтарда иштеген, Жогорку Кеңештин депутаты болгон бүтүрүүчүлөр да болгон. Ондон ашык бүтүрүүчүлөр илимдин кондидаттары жана докторлору болуп саналат. Алар  Ж.Сыдыков – филисофия илиминин доктору, Э.Молдоев-тарых илиминин кондидаты, О.Касымалиев-педогогика илиминин кандидаты жана башкалар.

            1971-1998-жылдардын аралыгында төмөнкү дасыккан педогогдор Мажен Ошуракунов, Конокбай Жанбаев, Жаманак Байсынов, Калим Ходжанов,  Нарынбай Төлөкбаев, Гүлай Жандаралиева, Шакен Мамбеталиева, Карыбек Мамбетжанов, Эсентур Өмүралиевдер директор болуп өз эмгектерин сиңиришкен. 1998-жылдан бери бул милдетти Токтогон Качкымбаев аркалап келет.

            2006-жылдын 1- мартында өтүлгөн депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин ХХIVчакырылышынын  ХI сессиясында Нарын шаарындагы №4 В.И.Ленин атындагы орто мектебинин аты өзгөрүлүп, сессиянын №9 токтомуна ылайык №4 Э. Ибраев атындагы орто мектеп болуп аталган.

            Бүгүнкү күндө мектепте 738 окуучу билим жана тарбияалат. Аларга 50 педогог билим жана тарбия берет. Мугалимдердин 48си жогорку билмге ээ. Алардын 20 Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илимминистрлигинин  «Билимберүүнүнотличниги» төш белгисин жана «Ардак Грамотанын» ээлери. Эл агартуунун мыктылары, насаатчы төмөнкү мугалимдер Н.Кожомкулова, Т.Малчиева, Ж.Калдыбаев, Д.Мамбетисаева, А.Мокелеңовалар мектептин сыймыктары.

            Мектепте окуучулардын окуп билим жана тарбия алуусуна мүмкүн болгон шарттар түзүлгөн. Башталгычкласстар боюнча-8, кыргыз тили жана адабияты боюнча-2, орус тили жана адабияты боюнча-2, математика-2,англис тили боюнча -2ыңгайлуу, заманбап жабдылган кабинеттерде окуу иштери жүргүзүлөт. Мындан сырткары Э. Ибраевдин музейи, китепкана, спорт зал жана ашкана окуучулар үчүн кызмат кылат. Жуманын беш күнүбашталгыч класстын окуучулары заманбап ашканадан ысык тамак ичишет.

            Мындан сырткары стол тенниси, шахмат, баскетбол, футбол оюндары боюнча спорттук секциялар,сүрөттартуу, кол өнөрчүлүк, өздүк көркөм чыгармалары боюнча ийримдер иш жүргүзүшөт.

            Жылдан–жылга мектептин материалдык- техникалык базасы чыңдалып, ар кандай долбоорлор менен иш алып барууда. Өткөн жылы эле түрткү берүүчү гранттын эсебинен мектеп айланасы заманбап курулущ материалдары менен тосулуп, Мерсико эл аралык уюмунун көмөгү менен мектеп ашканасын заманбапка ылайык оңдоп-түзөө иштери аткарылды. Бул долбоордун суммасы 1, 104млн сомду түзөт.

Билим берүү уюму жөнүндө маалымат:

            Нарын шаарыдагы №4 Эсенгул Ибраев атындагы орто мектеби 1971-жылы пайдаланууга берилген. Мектеп типтүү, үч кабаттан турат. Нарын шаарынын Шералиев көчөсүнүн 275 номеринде жайгашкан. Мектеп ачылгандан бери окутуу орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт.

 

            2017-2018- окуу жылына карата мектепте жалпысынан 738 окуучу окуйт. Алардын 69 даярдоо класстарында, 303 окуучу башталгыч классында, 321 окуучу V-IХ- класстарда,45 окуучу  Х-ХI класстарда билим алышууда. Даярдоо класстарын кошпогондо, жалпы 26 класс комплектиси бар. Алардын I-IV класстары-12, V-IХ- класстары 12, Х-ХI класстарда 2ни түзөт. Окуу эки сменада жүргүзүлөт.

           

            Жалпысынан мектепте 54 мугалим-педагог эмгектенет. Алардын 48 жогорку      билимдүү педагог мугалимдер, 44 аял, 10 эркек мугалимдер. 17 мугалим Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин

«Билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгисинин жана 5 мугалим «Ардак Громотанын» ээлери болуп саналышат.

      Нарын шаарынын №4 орто мектебинде иштеген

                        мектеп директорлору:

 

1.Ошуракунов Мажен     1971-1972 жж

2.Жанбоев Конокбай        1972-1975жж

3.Байсынов Жаманак      1976-1979жж

4.Ходжанов Клим          1980-1981жж

5.Төлөкбаев Нарынбай    1981-1982жж

6.Жандаралиева Гүлай     1983-1987жж

7.Мамбеталиева Шакен  1988-1989жж

8.Мамбетжанов Карыбек   1990-1992жж

9.Өмүралиев Эсентур          1993-1998жж

10.Качкымбаев Токтогон   1998-

         

            Мектепте спорт зал, сыртында бардык спорттук жабдуулары менен спорт аянтча, китепкана, Э. Ибраевдин музейи, ашкана бар. Мындан сырткары башталгыч класстар боюнча-8, кыргыз тили жана адабияты боюнча-2, орус тили жана адабияты боюнча-2, математикадан-2, англис тилинен-2, тарых, физика, химиядан бирден кабинеттер аракеттенет. Мектептин айланасы заманбап курулуш материалдары менен тосулган. Мектеп Нарын жылуулук ишканасы тарабынан таш көмүр жагуу жолу менен жылытылат.

Педогогикалык жана окутуучулук курамга квалификациялык талаптар:

            Мектепте иштеген мугалимдердин бардыгы педагогикалык институт, университеттерди жана педагогикалык атайын орто окуу жайларын бүтүрүшкөн. Алар өткөн кыйынчылык мезгилдерде да мектепти таштабай, кетип калбай иштеп келишет. Педагог мугалимдин ваканттык орундары дайым эле болуп турбайт. Негизинен мугалим кадрларды ишке алуу, бошотууну 2013-жылга чейин Нарын шаардык билим берүү бөлүмү жүргүзүп келген. Акыркы «Жалпы билим берүү уюму жөнүндөгү» типтүү Жобого ылайык 2013-жылдын январь айынан бери бул милдетти мектеп жетекчилиги аркалап келет.

            Жогорку, атайын орто окуу жайлар жайгашкан чакан шаар катары Нарында- окууну аяктап, мугалимдик иш издегендер көп эле. Бирок кеп алардын атайын орто, жогорку окуу жайды кандай деңгээлде аяктады, педагог болуу менен окуучуларга билим жана тарбия берүүгө даярбы, кесибине кызыгабы деген суроолор туулат.

            Педагог кадрларды мектепке, ишке кабыл алууда конкурс аркылуу ишке алуу

жол-жобосу мыйзамдаштырылса максатка ылайык болот эле. Биз өзүбүздүн практикабызда ал боюнча толук документтерди талап кылуу менен иш практикасын, тажрыйбасын эске алып, секция жетекчиси, окуу бөлүмүнүн башчысынын жеке аңгемелешүүсүнөн кийинки сунушу менен кабыл алабыз. Мындай талкуудан өткөн педагог кадрлар ишенчиликти актап, өз ишин талапка ылайык алып кетишүүдө.

            Мектепте педагог-мугалимдердин квалификациясын жогорулатып туруунун системасы түзүлгөн.

            — Мындан 10-15-жыл мурун Университеттин  бакалавр деңгээлинде педагогдук адистикке ээ болгон мугалим, магистратураны аяктап ишин улантууда.

            — Нарын Мамлекеттик Университетинин алдындагы мугалимдердин билимин жогорулатуу борборунан жыл сайын 5-6дан кем эмес мугалимдер курстан өтүп турушат. Алар: кыргыз тилчи- Ж.Өмүралиева, математик- Б. Сатарова, класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу  – Г. Мамбеталиева, биолог-Э.Мамбетказиева жана кыргыз тил жана адабият мугалимидери — М. Абдраимакунова, Э.Кыргызбаевалар.

            Кызыкдар болгон уюмдардын чакыруусу менен өткөрүлгөн семинар-тренингдерге да барып катышып келишүүдө. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар Министрлигинин «Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору тарабынан өткөрүлгөн курстан мектептин ОБЖ мугалими Н. Бейшеева, Кыргыз-Словян Университети тарабынан уюштурулган курстан мектептин орус тил жана адабият мугалими Д.Асанова өтүшүп, сертификатка ээ болуп келишкен.

            2017-жылдын август  айында мектептин башталгыч классынын мугалими И.Баякматова менталдык арифметика боюнча Эл аралык тренинге катышып, атайын сертификатка ээ болуп келген. Бул Эл аралык тренинг Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен кытайдагы Эл аралык «ШЕНМО» менталдык арифметика ассоциациясынын колдоосунда уюштурулган. Бүгүнкү күндө И.Баякматова башталгыч класстардын окуучуларынын каалагандарынан өзүнчө топ түзүп, менталдык арифметика боюнча үйрөтүүнү улантууда.

            Мектептин мугалимдери өзүлөрүнүн чеберчиликтерин күнүмдүк газета-журналдарды окуу менен жогорулатып турушат. Айрыкча «Кут билим» газетасын, анын тиркемеси

«Кут билим сабак» басылмаларын,  «Эл агартуу», «Мугалим» журналдарын үзбөй окушат. Мындан сырткары мектептеги интернет байланышы аркылуу мугалимдер үчүн каалаган маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Комментарии запрещены.